// //

Кызым коркок, оюн ачык айта албайт. Эмне кылышым керек? Психологдун кеңеши

2019.09.03, 16:53
2162

Саламатсызбы. Кызым жети жашта. Өтө коркок, оюн ачык айта албайт. Кантип тарбиялашым керек?

Бул катка психолог Карлыгаш Акимкулова жооп берди.

Балдар коркок болуп төрөлбөйт

Балдар төрөлгөн күнүнөн тарта өзүн таандык мүнөзү менен төрөлөт. Айрымдары тынчы жок болсо, башкасы жоош болот. Бирок балдар коркок болуп төрөлбөйт. Анын жалтак, коркок болуп калышына бир нече себеп бар.

  • Бала корком деп айтканда ата-энеси көңүл бурган эмес же катуу кагып салышкан. Ал өзүнүн сезимдери жана эмоциялары менен жалгыз калган.
  • Бала корком деп айтканда, ата-энеси шылдыңдап күлүшкөн. Ошондон да коркобу, “суу жүрөк” десе.
  • Же болбосо тамашага салып, же бир нерседен коргоп өздөрү чочутушкан. Мисалы: Караңгы жерге барба, ал жакта жез кемпир бар, сени жеп кетет – деп айтышкан.
  • Катуу стресске туш болгондо. Бир нерседен катуу корккон, жакын адамынан ажыраган, зомбулукка туш болгон ж.б.

Баланын айткан сөздөрүн, жүрүм-турумун ар дайым байкап туруңуз. Бала үчүн ата-энеси аны калкалап коргой турган тоосу. Кандай кыйынчылык болбосун колдоо издейт. Ал эми чоңдор анын көйгөйүнө көңүл кош мамиле кылганда, өзү менен өзү калат. Бара-бара түнт болуп, көйгөйлөрү менен бөлүшкүсү келбей калат.  

Бала жасалма мамилени сезет

Баланын жашоосуна чын дилиңен кызыгып, анын айтып берген окуяларына көңул бөлүү керек. Сөзүн бөлбөңүз. Сын пикриңизди айтпаңыз. Урушпаңыз. Чындап кызыгып жатканыңызды билдириңиз.

Реалдуу жетишендиктерин мактаңыз. Туш келди, калп эле “ии, ооба, кыйратыптырсың”, “маладес, бар эми ойно” деп конул кош мамиле кылсаңыз, айткан сөздөрдүн жасалма экенин түшүнөт жана жөн гана андан кутулуунун жолу деп кабыл алып калат. Сиздин аброюңуз түшөт.

Өзүңүздүн балалыгыңызды айтып бериңиз

Балаңызга өзүңүздүн кичинекей кезиңер тууралуу көбүрөөк айтып бериңиз. Бирок “оо, мен сендей кезимде бир короо кой кайтарып, беш ууй саачумун” же “мен класстын атаманы элем, бардыгы менден коркуп турушчу” деп эмес.

Жок. Тескерисинче, сиз да коркконуңузду, сиз да уялганыңызды, кээде утулуп калганыңызды айтып бериңиз. Тамаша аралаштырып, күлдүрүңүз. Ошондо, сизге болгон ишеним пайда болот. Балаңыз башка адамдарга да ишенип, алардан коркпош керек экенин түшүнөт. Адамдар менен мамиле курганды үйрөнөт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт