// //

Абысын менен кандай мамиледе болуш керек? Психолог жооп берет

2019.09.03, 12:56
3302

Саламатсызбы. Абысын менен кандай мамиледе болуш керек? Менден улуу абысыным бар. Экөөбүздүн мүнөзүбүз, мамилебиз ар башка. Ал орой, өзүнүкүн такыр бербейт. Кичүү болгонум үчүн көп нерсесине көз жумуп, урушсак кайра жарашууну мен баштайм. Чыдап жүрө бергим келбейт. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2019, 12:57

Виктория Исакова

Психолог

Кутман күн!

Тааныш эмес адамдар бир үй-бүлө болуп жашап баштаганда, мамиле куруп, баарлашууга аргасыз болушат. Албетте, мамиленин бир калыпка дароо түшүүсү оңой эмес.

Сиз ак-көңүл, кек сактабаган адам окшойсуз. Ар дайым биринчи кадам жасайсыз. Бул абдан жакшы сапат.

Ал эми сиздин абысыныңыз сизге чейин тажрыйба топтоп, өзүнүн мүнөзү калыптанып калган. Ал үчүн орой жүрүм-түрүм нормага айланса керек. Демек, сиз анын кыялын өзгөртө албайсыз.

Менин сизге бере турган кеңешим, мурункудай эле сүйлөшүп, баарлаша бериңиз, талаш темаларды талкуулабаңыз. Башкысы өзүңүздүн чек араңызды коргой билиңиз. Басынтып, кемсинтүүгө жол бербеңиз. Ортоңорго көрүнбөгөн дубал орнотуп алыңыз.

Абысыныңыз сүйлөбөсо таарынычтарын өзүнө калтырыңыз. Таарынгысы келгени үчүн ошол сезимди тандап алды. А сиз жеке жашооңузду, үй-бүлөңүздү, куруңуз. Өзүңүз менен өзүңүз гармонияда болуңуз.

Сизге бакыт каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт