Матканы буудуруп салсам кийин төрөй аламбы? Гинеколог жооп берет
2019.09.03, 10:47
3915
Саламатсызбы. Маткамды буудуруп салайын дегем. Кийин кайра төрөсөм болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2019, 10:51
Бактыгүл Бозгорпоева
Гинеколог
Саламатчылык. Жок кайра төрөй албайсыз. Жатындын ичинде түйүлдүк жайгашат, өрчүйт. Ансыз бойго бүтүшү мүмкүн эмес.
Жатындын өзүн бууган болбойт. Жатындын түтүктөрү буулат. Бул процедура аялдын жеке каалоосу менен гана жасалат. Андан кийин аял такыр төрөй албайт.
Айрым учурларда, аялдын ден соолугуна байланыштуу төрөгөнгө тыюу салынат. Мисалы жүрөк же бөйрөк ооруулары менен жабыркаган келиндерге дарыгерлер жатындын түтүктөрүн бууп салууну сунушташат.
0
Пайдалуу жооп