Балам эмбей жатат, эмне кылышым керек? Маммолог жооп берет
2019.09.02, 13:42
5348
Саламатсызбы. Төрөгөнүмө 26 күн болду. Балам жакшы эмбей атат. Башында шприц менен тарттырып жүрдүк, бирок азыркыга чейин эме элек. Сүтүм агып жүдөп жатам. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.09.2019, 13:43
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Кечиресиз, сиз балаңызды эмне үчүн эмизе албай жатканыңызды жазбаптырсыз. Кандайдыр бир каршы көрсөтмөлөр болдубу? Эмнеге шприц менен колдондуңуз?
Баланын эмбей жатышынын бир нече себеби болот:
- энесинин үрпү өтө чоң, же кыска, жалпак ж.б.
- баланын тилинин жүгөну кыска
- баланын ооз көңдөйүндө деффект бар ж.б.
Аз аздан болсо да эмизүүнү уланта бериңиз. Акырындык менен үйрөнүп кетет. Эгер эмитеден бала эмип көнбөсө, кийин эринип, эмчекти такыр албай коет.
0
Пайдалуу жооп