Сиңдим баласын албай жүрөт. Эмне кылышым керек? Психолог кеңеш берет
Мен сиңдимдин баласын 3 жашынан бери багып келем. Бул кадамым менен аны көп милдеттен бошоттум окшойт. Себеби, баласына көңул бурбайт, мен аны бакканымдын түйшүгүн түшүнбөйт. Баласын берейин десем ар кайсы шылтоону айтып, келбей жүрөт. Бирок баласы да энесине баргысы жок.
Сиңдим жеңил кадамдарда жүрөт. Эмне кылышым керек?
Баланы канча жылдан бери багып келесиз? Ал азыр канча жашта?
Биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын, ага кайсы жерде жакшы боло турганын эске алуу керек.
Эгер сиңдиңиз баласын алгысы келбесе, сиз аны өзгөртө албайсыз.
Колуңуздан келсе, шартыңыз болсо, баланы өзүңүзгө эле алып калыңыз. Апасына да баргысы келбейт деп жаздыңыз. Күчкө салып берип койсоңуз, кийинки тагдырына, мүнөзүнө терс таасирин тийгизет.