Кошуна баланын атасы мени коркутуп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Айылдагы кошуна бала менен урушуп кеттим. Ал 16да, мен 19 жаштамын. Мени сөгүп, акыл үйрөтүп баштады. Кой иним антпе деп тыйып койдум. Ал дагы сөгүнүп ичиме бир сокту. Ачууланып кетип, мойнунан кысып туруп, чаап жибердим. Жерге катуу түшүп, башы жарылып кетиптир. Атам урушат деп үйүнө барбай, башын жууп коюп, достору менен жүрө бериптир. Үйүнө түндө 12де барган экен. Экөөбүз саат 9дарда уруша кеткенбиз. Биринчи мага кол көтөргөнү үчүн ачууга алдырып койгом. Өзү сөгүнүп, акыл үйрөтүп баштаганын көргөн күбөлөр бар. Эми ал баланын атасы мени коркутуп жатат. "Балам ээси ооп жыгылып калыптыр, үйгө эми келди, эми эмне кыласың" деп эки сүйлөп жатат. Бул жерде ким күнөөлү?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, ким күнөөлү экенин сот аныктайт, эгер иш сотко чейин жете турган болсо. Ал эми сурооңузга жалпысынан жооп берсем, ал бала сизге сөгүнсө да, сиз аны жерге чаппашыңыз керек эле.
Эгер адам коомдук тартипти же жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын одоно бузуучу аракеттерди атайылап жасады деп эсептесеңиз, анда аны урбай же чаппай эле милиция кызматына арыз менен кайрылсаңыз мыйзамдуу аракет кылган болот элеңиз.
Өзүңүздү туура кылдым деп ойлоп жатсаңыз деле, ата-энеңизге айтып, ал инсандын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, маселени тынч жол менен чечүүгө аракет кылып көрүңүз.