// //

Кайын энем канча тамак жегенимди санайт деген келиндин баяны

2019.08.30, 10:12
2277

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Шпион кайын энем бар деген жаш келин буларга токтолду. Каармандын аты өзгөртүлдү.  

Нуриса: тамакка колумду сунган сайын оозу кыбырайт

Биздин үйгө видеокөзөмөлдүн деле кереги жок. Кайын энем баарына көз салганга жетишет. Негизги обьекти менмин.

Күйөөм келээри кеч жумушта. Мен үй иштери менен алекмин. Баш кошкондон бери эле кайын атамдар менен чогуу турабыз. Кудайга шүгүр, жашоо шартыбыз жакшы. Бирок, бул үй мени кысып жиберет. Негизги себеби кайын энем.

Каякка барбайын отчет алат. Жатканымды, уктаганымды текшерет. Ар бир кадамымды аңдыйт. Канча тамак жегенимди санайт. «Аягы суюк кайын эне келининен шек санайт» дегендин дал өзү. 

Мисалы, ортого жалпы табакка манты койдук. Улам колумду сунуп манты алган сайын оозу кыбырап, кареги чоңоюп, кабагы бүркүлө түшөт.

Кир жууп жаткам. Кокустан курбум чалып калды. Сүйлөшүп жатып көзүм тамдын бурчуна илинди. Акырын мойнумду созсом, кайын энем кулагын салып тыңшап жатыптыр. Шпиондор бул жакта эле калат. Ой, тообо!

Бирөөгө күлкү болушу мүмкүн, бирок, тамашасы жок. Эмне кылсам болот? Кайын энеме айтайын дейм, бирок батына албайм. Жаңы келип алып, кыйын болуп жатканын десе эмне кылам? Же күйөөмө айтсамбы?

Адис эмне дейт

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум! Эмне кылыш керек деп сурап жатасыз. Батирди ижарага алып болсо да, өзүнчө бөлүнүп жашоо керек! Бул маселени күйөөңүз менен биргеликте отуруп чечүү зарыл. Эгер мүмкүнчүлүк жок болсо, мындай маселелер боло берет, үстүнө жаңылары кошулат.

Кайын энеңизге айтуунун кереги жок - уруш-талаш чыгат. Сизге толук кандуу жооп берүү үчүн жагдайыңызды жакшылап билишим керек. Сиз берген маалымат жетишсиз. Кыязы, кайын энеңиз экөөңөр тең иштебейсиңер, үй жумуштары менен эле алектенесиңер көрүнөт. Сиз баарын жасайсыз, ал көзөмөлдөп, байкап турат. Ал андан башка эмне кыла алат? Кайын энелик милдетин аткарат. 

Күйөөңүзгө да даттануунун кереги жок, ал баары бир эч нерсе өзгөртө албайт. Силер бат-баттан кайын энеңизди конокко, саякатка, курортко, ден соолугун чыңдоочу стационарларга жөнөтүп турсаңар болот. Өзүнчө бөлүнүп жашамайын, бул нерсе боло берет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт