Келинчегим үйдөгүлөрдүн тилин түшүнбөй кыйналып жүрөт. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Үйлөнгөнүмө 2 ай болуп калды. Келинчегим тажик элинин кызы. 1 жыл сүйлөшүп жүрүп, эки жактын макулдугу, батасы менен баш коштук. Бирок ал кыргыз тилин түшүнбөй кыйналып жүрөт. Жумуштан келсем көңүлү түшүп ыйлап калат. Кандай кылсам болот?
Карлыгаш Акимкулова
“Psihoanaliz.kg” психотерапия борборунун адиси, психотерапевт
Саламатчылык!
Башкысы сиздин моралдык жактан колдоо көрсөткөнүңүз жана сүйүүңүз. Башка үй-бүлөгө келип, анын бир мүчөсү болуп көнүшүп кетүү оңой эмес. Тил билбегенде ого бетер кыйын.
Ата-энесинен, бир туугандарынан алыс болуп сагынып да жатса керек. Алар менен көбүрөөк кезигишип туруусуна мүмкүнчүлүк бериңиз. Ага шартыңыз болбосо, телефон аркылуу байланышып турсун.
Учурда келинчегиңиз катуу стрессте болуп жатат. Бирок ортодогу сезимдериңер бардыгын жеңет. Көбүрөөк көңүл бөлүп сүйлөшүңүз. Кичинекей инилериңизди, карындаштарыңызды жанында болуп, тил үйрөтүүнү сураныңыз. “Түшүнбөй калганда уялбай сура, мен айтып берем”, деп колдоо көрсөтүңүз.
Анын кыйналып жүргөнүнүн башкы себеби, баарлаша турган адам жок болгондугунда болушу мүмкүн.
Куш бооңор бек болсун! Бактылуу болгула!