Курсактагы баланын кыймылын качан сезип баштайм? Гинеколог жооп берет
Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун. 23 жума болуп калды. Азыркыга чейин баланын кыймылын сезе элекмин. Качан байкайм?
Бактыгүл Бозгорпоева
Гинеколог
Саламатчылык. Алгачкы жолу боюна бүткөн келиндер баланын кыймылын 20 жума болуп калгандан кийин байкай башташат. Кийинки кош бойлуулукта андан эртерээк 16-17 жумада эле билинет.
Балким сиз байкабай жаткандырсыз? Ымыркайдын алгачкы кыймылдары билинер-билинбес болот. Көпчүлүгү кичинекей балык сүзүп жүргөндөй деп сүрөттөшөт.
Андан тышкары ар бир айымдын кош бойлуулугу индивидуалдуу. Аял кишинин дене түзүлүшүнөн, жана плацента (баланын тону) жатындын кайсы тарабына (алдыңкы же арткы) бекигенинен да көз каранды.
Сиз сөзсүз, тез арада гинекологго барып көрүнүңүз. Убакытты созбоңуз!