Жер тилкемдеги бактарды кыйганга укугум барбы? Агроном жооп берет
2019.08.29, 10:11
801
Саламатсызбы. Бишкек шаарынын ичинен жер тилкесин сатып алгам. Кызыл китеби бар. Курулуш кылганга тилкедеги 15 түп бакты кыйганга уруксат алышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.08.2019, 10:13
Диля Байбориева
Бишкекзеленхоз ишканасынын башкы агроному
Саламатчылык. Жер тилкесин сатып алып ал сизге таандык болсо дагы, андагы бактар биздин балансыбызда болушу мүмкүн. Өкмөткө тиешелүү бактарды кыйып салбаш үчүн кеңсебизге келип арыз жазышыңыз керек.
Биздин адистер барып, дарактардын текшеришет. Уруксат алгандан кийин кыйсыңыз болот.
Бишкекзелехоздун дареги: Ташкент көчөсү 17, телефон номери 0312 375 330.
0
Пайдалуу жооп