// //

Күйөөм экөөбүз салган үйдү бөлүшүүгө укугум барбы? Юрист жооп берет

2019.08.28, 13:08
1364

2017-жылы турмушка чыктым. Үйлөнгөнүбүздө күйөөмдө эч нерсе жок болчу, жөнөкөй телефон көтөрчү. Жыл айланып кыздуу болдук. Бул убакыт аралыгында тапкан акчасын тырышып жыйнадым: там салдык, мал кылдык, өзүнө машина алды. Тамыбыз бүтсүн деп жүрүп, өзүмө эч нерсе албадым.

Өзүм тың аялмын: тамактын түрүн жасайм, күйөөмдүн кийимдерин таза кармайм. Ошентсе да, акыркы күндөрү жолдошум такыр өзгөрүп кетти. Үйгө кечинде келет, телефонунун карматпайт, продукт алганга акча бербейт. Акырын сүйлөшөйүн десем, уруш чыгарат. Ата-энем азык-түлүк алып келип таштап кетишет. Акыры өз үйүмө келе бердим. 2 ай өттү, бир да жолу чалган жок. 

Салып жаткан үйүбүз, анын машинасы эч кимдин атында эмес. Мүлктү бөлүшө аламбы? Күйөөм өзү такси айдайт. Алиментке тапшырам десем, "мен эч жерде иштебейм, акча чыкпайт" деди. Эмне кылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.08.2019, 13:11

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Бир балага алимент, күйөөңүз иштесе да, иштебесе да тапкан акчасынан же орточо эмгек акысынан төрттөн бир өлчөмү өндүрүлөт. Демек, алимент алуу үчүн арыз жазсаңыз болот. Үй-бүлө Кодексинин 86-беренесинде, эгер адамдын иштеген жумушу жок болсо, жашаган аймагынын орто чендеги айлык маяна өлчөмүнөн төрттөн бири алынат деп айтылган. Мисалы, күйөөңүз жашаган аймакта орточо эмгек акы 15 миң болсо, аны төрткө бөлөсүз, чыккан сумма алимент катары берилет. Жумушум, акчам жок дегендери шылтоо катары  өтпөйт.

Жубайлардын ортосунда мүлк, турмуш кургандан кийин чогуу сатып алынып же курулган болсо, анда ортодогу мүлк болуп эсептелинип, ажырашкан учурда бөлүштүрүлөт. Бирок, ал үчүн мүлк жубайлардын бирөөсүнө таандык болушу керек. Сиз эч кимге каттала элек деп айтып жатканыңыз таң калычтуу, себеби өкмөт жер берип жатканда да бирөөнүн атына берет.

Сиз ал үйгө документ жасатыңыз. Көпчүлүк учурда жаңы салынып жаткан үйдөн аялдар кетип калат. Эмне себептен эркек кетпейт? Сизге ал үйгө барып жашоону сунуштайм, себеби канчалаган мээнетиңиз кеткен. Документтерин тууралап, өзүңүзгө өткөрүп алыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт