Күйөөм экөөбүз салган үйдү бөлүшүүгө укугум барбы? Юрист жооп берет
2017-жылы турмушка чыктым. Үйлөнгөнүбүздө күйөөмдө эч нерсе жок болчу, жөнөкөй телефон көтөрчү. Жыл айланып кыздуу болдук. Бул убакыт аралыгында тапкан акчасын тырышып жыйнадым: там салдык, мал кылдык, өзүнө машина алды. Тамыбыз бүтсүн деп жүрүп, өзүмө эч нерсе албадым.
Өзүм тың аялмын: тамактын түрүн жасайм, күйөөмдүн кийимдерин таза кармайм. Ошентсе да, акыркы күндөрү жолдошум такыр өзгөрүп кетти. Үйгө кечинде келет, телефонунун карматпайт, продукт алганга акча бербейт. Акырын сүйлөшөйүн десем, уруш чыгарат. Ата-энем азык-түлүк алып келип таштап кетишет. Акыры өз үйүмө келе бердим. 2 ай өттү, бир да жолу чалган жок.
Салып жаткан үйүбүз, анын машинасы эч кимдин атында эмес. Мүлктү бөлүшө аламбы? Күйөөм өзү такси айдайт. Алиментке тапшырам десем, "мен эч жерде иштебейм, акча чыкпайт" деди. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Бир балага алимент, күйөөңүз иштесе да, иштебесе да тапкан акчасынан же орточо эмгек акысынан төрттөн бир өлчөмү өндүрүлөт. Демек, алимент алуу үчүн арыз жазсаңыз болот. Үй-бүлө Кодексинин 86-беренесинде, эгер адамдын иштеген жумушу жок болсо, жашаган аймагынын орто чендеги айлык маяна өлчөмүнөн төрттөн бири алынат деп айтылган. Мисалы, күйөөңүз жашаган аймакта орточо эмгек акы 15 миң болсо, аны төрткө бөлөсүз, чыккан сумма алимент катары берилет. Жумушум, акчам жок дегендери шылтоо катары өтпөйт.
Жубайлардын ортосунда мүлк, турмуш кургандан кийин чогуу сатып алынып же курулган болсо, анда ортодогу мүлк болуп эсептелинип, ажырашкан учурда бөлүштүрүлөт. Бирок, ал үчүн мүлк жубайлардын бирөөсүнө таандык болушу керек. Сиз эч кимге каттала элек деп айтып жатканыңыз таң калычтуу, себеби өкмөт жер берип жатканда да бирөөнүн атына берет.
Сиз ал үйгө документ жасатыңыз. Көпчүлүк учурда жаңы салынып жаткан үйдөн аялдар кетип калат. Эмне себептен эркек кетпейт? Сизге ал үйгө барып жашоону сунуштайм, себеби канчалаган мээнетиңиз кеткен. Документтерин тууралап, өзүңүзгө өткөрүп алыңыз.