// //

Боюңда барда кандиломаны дарыласа болобу? Гинеколог жооп берет

2019.08.28, 11:03
1862

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 30 жума болуп калды. Боюма бүткөндөн тартып жыныс мүчөмдө сөөлгө окшогон бир нерселер пайда болду. Гинекологго барсам кандилома деп айтты. Аны кантип, качан дарылашат? Балага коркунучу жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.08.2019, 11:05

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Кандиломалардын көлөмүн жана саны канча экенин көрүу зарыл. Эгер чоң жана көп болсо, хирургиялык жол менен алдырып тиешелүү дарылануудан өтүү зарыл. Мунун барын сизди көргөн гинеколог өзү чечет.

Кандиломаларды пайда болуу себептери:

  • организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөр;
  • иммунитеттин түшүшү;
  • тышкы факторлор: туура эмес тамактануу, аз кыймылда болуу ж.б.

Жугузуу булактары:

  • жыныстык катнаш аркылуу;
  • төрөт учурунда энеден балага жугат;
  • тиричиликте колдонулган жалпы буюмдар аркылуу.

Кандиломатоз болгондо төрөтүү кесарево жолу менен жүргүзүлөт. Себеби балага ооруу жугузуп алуу коркунучу жогору.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт