// //

Жыныстык катнаштан кийин, аялымдын ичи ооруйт. Гинеколог кеңеш берет

2019.08.27, 16:39
3151

Аялымдын боюнда бар. Кошулууну өзү каалайт, бирок андан кийин ичи түйүлүп, катуу болуп калат. Сурайын дегеним, келинчегиме жана балага терс таасири тийбейби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2019, 16:42

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Эгер бойдон түшүп калуу коркунучу жок болсо, аял өзү кааласа кош бойлуулук учурунда жыныстык катнашка баруу пайдалуу. Бирок аялдын ичин басып калуудан жана өтө терең киргизүүдөн этият болуу керек.

Ичтин түйүлгөнү катуу эмес болсо, оорутпаса, жана тез эле тараса, анда кабатыр болууга негиз жок. Жатын – бул булчуңдардан турган орган, ошондуктан маал-маалы менен тонуска түшүп турат.

Балага терс таасири тийбейт.

Келинчегиңиз аман-эсен көз жарып алсын!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт