Жер алалы дегенбиз, бирок кызыл китеби жок экен, алданып калбайбызбы?
2019.08.27, 15:53
2157
Саламатсызбы. Биз Бишкектен жер тилкесин сатып алалы дегенбиз. Бирок кызыл китеби жок экен. “Доверенность” менен беребиз жеп жатышат. Сатып ала берсек болобу? Кеңеш берип коюңузчу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2019, 15:54
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык. Урматтуу окурман, кызыл китеп – жер тилкеси мамлекет тарабынан бекитилгенин, мыйзамдуу сатып алынгандыгын тастыктоочу документ болуп саналат.
Сатуу-сатып алуу процедураларында бул документ сөзсүз болууга тийиш. Себеби, ансыз жер каттоодон өтпөйт. Бул деген сиз да өзүңүздүн атыңызга каттай албайсыз дегенди билдирет.
Акчадан да, жер тилкесинен да кур каласыз. Эч качан тил каттын (доверенность) негизинде иш алып барбаңыз!
1
Пайдалуу жооп