Аскерге барбасам мамлекеттик жумушта иштей албай каламбы?
2019.08.27, 12:35
916
Мен окуу жайды жакында эле бүттүм. Военкоматтан аскерге чакырып жатышат. Альтерантивдик кызматтан өтсөмбү деп ойлогом, бирок ал жакта “не годен” болуп жазылып калат деп жатышат. Андай боло турган болсо мамлекеттик иште иштей албай каламынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.08.2019, 12:36
Гүлзат Жарашева
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын, пресс-кызматынын жетекчиси, полковник
Ооба, күч түзүмдөрүнө кирип иштей албай каласыз. Күч түзүмдөрүнө:
- Генералдык штаб;
- Милиция;
- Бажы кызматы;
- УКМК;
- Жаза аткаруучу кызмат;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ж.б. кирет.
Жогорку билимиңиз бар болсо, 1 айлык кызмат өтөсөңүз болот. Бирок жогоруда айтылгандай күч түзүмдөрүндө иштей албайсыз.
0
Пайдалуу жооп