Кош бойлуу болгондо тишке брекет койдурса болобу? Стоматолог жооп берет
Саламатсызбы. Кош бойлуу кезде, бала эмизген учурда бретекет койдурса болобу? Балага эч кандай таасири тийбейби?
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Жалпысынан, кош бойлуу болгондо брекет салдыртууга каршы көрсөтмөлөр жок. Заманбап брекеттер эне жана баланын организми үчүн зыян алып келбейт жана аллергиянын пайда болушуна себепкер болбойт.
Эгер болочок эне дарыланып жаткан стоматологдун бардык көрсөтмөлөрүн так аткарып, ооз көңдөйүнүн гигиенасын жакшы сактаса эч кандай көйгөй жаралбайт. Болгону белгилүү бир учурларда кальций препараттарын ичүү зарыл.
Бирок, кош бойлуулук өзүнөн-өзү эле организм үчүн стресс. Өзгөчө алгачкы 3 айда. Ал эми брекеттер жаңы салынганда дискомфорт жана ооруксунууну пайда кылат. Көнгүчө тамак ичүүдө жана сүйлөшүүдө кыйналышыңыз мүмкүн.
Кош бойлуу болгондо жана бала эмизген учурда гормоналдык өзгөрүү жана кальцийдин жетишсиздигинен сөөк ткандары өзүнүн структурасын өзгөртөт. Тиш салыштырмалуу морт болуп калат. Бул мезгилде брекет салдыртуунун пайдасынан зыяны көп болуп калат.
Гинеколог жана тиш доктуруңуз менен кеңешип көрүңүз. Мүмкүн болсо брекет салдыртууну башка учурга жылдырган оң болот.
Көбүрөөк маалыматты бул жактан окусаңыз болот:
Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эн көп берилчү 7 суроо