// //

Төрөгөндөн кийин этек кири качан келиши керек? Гинеколог жооп берет

2019.08.26, 15:30
18096

Саламатсызбы. Менин төрөгөнүмө 7 ай болду. Этек кирим дагы деле келе элек. Негизи канча убакыттан кийин келет? Дарыгерге көрүнүшүм керекпи? Пландалбаган кош бойлуулуктан сактануу үчүн эмне кылсам болот? Биринчи төрөтүм болгон үчүн билбей жатам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2019, 15:31

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Төрөттөн кийинки этек кири ар кимдики ар кайсы учурда келе баштайт. Айрымдарыныкы төрөгөнүнө 40 күн болуп-болбой башталса, башкаларда баланы эмчектен чыгармайынча келбейт.

Кош бойлуулуктан сактануу үчүн түрдүү каражаттар бар. Эгер баланы эмизүүнүн ортосундагы аралык 6 сааттан ашык болсо (мисалы түнкүсүн эмизбейсиз), анда контрацепция тууралуу ойлонуу зарыл. Гинеколог менен кеңешип сизге ылайыктуусун тандаңыз.

Көбүрөөк маалыматты бул жактан алсаңыз болот:

Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эн көп берилчү 7 суроо

Бойго бүтүрбөөчү каражаттар кайсынысы ишенимдүү?

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
21.08.2021, 22:54

Саламатсызбы мен торогондон кийин этек кирим 6 ай дегенде келди бирок бир айда эки жолу келип атат ечтеке болбойбу  балам кундузу 3 .2 сатан эмет тундо уч жолу еле эмет бойго болбой учун емне кылсам болот

1
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт