// //

Күйөөгө тийгенден бери паспортумду алмаштыра элекмин. Эч нерсе болбойбу?

2019.08.26, 13:02
1086

Күйөөгө чыкканыма эки жыл болду, бирок жолдошум экөөбуз тең паспортторубузду алмаштыра элекпиз. 1 айдан кийин Москвага иштегени кетебиз. Ошол паспортторубуз менен кете берсек болобу же сөзсүз алмаштырышыбыз керекпи? ЗАГС бар.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2019, 13:03

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы

Саламатсызбы окурман. Сиздин жана жолдошуңуздун жашооңордо паспортко тиешелүү маалыматтарда өзгөрүүлөр болгон экен. Демек паспортту алмаштырышыңыз керек. Жашаган жериңизге караган паспорт столуна кайрылыңыз.  

Паспорт 12 күндүн ичинде жасалат.

Мамлекетке төлөнүүчү салык – 260 сом.

Жаныңызга учурда колдонуп жүргөн паспортуңузду жана никелешүү тууралуу күбөлүгүңүздү алып алыңыз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт