// //

Тестке ишенемби же УЗИгеби? Гинеколог жооп берет

2019.08.26, 12:39
2465

Бир жумадан бери этек кирим кечигип жатат. Тест алып текшерсем, эки сызык чыкты. Эртеси УЗИге барып көрүнсөм “беременности нет” деп жазып берди. Бир жумадан кийин кайра келип көр дейт. Ошондо кимисине ишенем, тесткеби же УЗИгеби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.08.2019, 12:41

Машхура Ишмухамедова

Гинеколог

Тест тагыраак. Себеби тест заарадагы ХГЧнин деңгээлин аныктап, ал жогору болсо кош бойлуу экенин көрсөтөт. Үйдөн жасалган тесттер болжол менен кош бойлуулукту 8-9 күнүнөн тартып аныктайт, башкача айтканда этек киринин 1-2 күнгө кечиккен учурунан баштап.

Бирок, мындай тесттердин тактыгы көптөгөн факторлорго байланыштуу. Тесттин сапаты, тесттин өзүн туура жасоо ж.б.

Ал эми УЗИ мөөнөтү аз эле болгон түйүлдүктү көрсөтө албайт. Түйүлдүк чоңоюп кеминде 5-6 жума болгондон кийин көрсөтөт. Кийинки жумада дагы келип УЗИге түш дегени ошого байланшытуу.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

ХГЧ – адамдын хорионикалык гонадотропини (Хорионический гонадотропин человека): жумуртка уруктандырылгандан кийин хорион тканы иштеп чыккан гормон. Бул гормон кош бойлуулукту жана анын туура калыптанып жаткандыгын көрсөтөт.

Кош бойлуу аялдын ХГЧ деңгээлинин түшүп кетиши жатындан сырткары бойго бүтүп (внематочная беременность) калганды же бойдон түшүп калганды (выкидыш) билдирет.  

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
06.05.2022, 23:15

Саламатсызбы, айыз келерге жакын тест менен текшерсе эки сызык чыгышы мумкунбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт