Мени сүзгөн айдоочу кайра унаамды төлөп бер деп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен машинамды айдап баратып каршы тарапка чыгып кетипмин. Каршы тарапта бир унаа өтө эле катуу келатыптыр, сүздү. Унаам жарабай калды. Тиги сүзгөн айдоочу "машинамды төлөп бересиң же башка жаңы алып бересиң",- деди. Мен каршы болуп "мен чыккан учурда сен катуу келдиң, анчалык катуу келбесең мынчалык унаа талкаланбайт эле",-деп айтып жатам. Менде да, ал кишиде да күнөө бар экенин мойнуна кое албай койдум. Кантип далилдесем? Сотко чейин барсам кандай болот? Менин атымдагы үйүмө эч кандай зыяны тийбеби? Ал сураган акча менде жок. Алдын ала чоң рахмат!
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, сиз жол эржелерин сактабай бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирдиңиз. Демек, сот тарабынан күнөөңүз далилденсе, бул мүлктүн ордун толуктоого милдеттүү болосуз.
Ал эми, сиз айтып жаткан айдоочунун жогору ылдамдыкта автооунаасын башкарып келатканы далинденсе, анда ал сиз менен сүзүшүп кеткендиги боюнча эмес, машинасын жогору ылдамдыкта башкаргандыгы үчүн жооп берет. Тактап айтканда, мамлекетке айып пул төлөйт.
Жалпысынан, окуя сиз айткандай болсо, анда сотто иш сиздин пайдаңызга чечилбейт деп эсептейм. Бул учурда, сиздин атыңыздагы үйдүн эсебинен келтирилген зыяндын орду толукталышы мүмкүн. Кененирээк кеңеш алууну кааласаңыз, редакция аркылуу мени менен байланышып, окуяга тиешелүү болгон документтерди мага көрсөтүңүз.