// //

Үй шартында ырдаганды үйрөнө аламбы? Эксперт жооп берет

2019.08.23, 12:46
1948

Саламатсызбы. Мен ырдагым келет. Үй шартында кайсы көнүгүүлөрдү жасап, үнүмдү ачсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.08.2019, 12:48

Джамиля Муратова

Ырчы, вокалист

Мен үй шартында ырдап, үйрөнүүгө такыр каршымын. Бул диагнозду билбей туруп үй шартында дарылоого тете.

Музыка бул илим. Сиздин үнүңүздүн мүмкүнчүлүктөрү кандай? Жашыңыз канчада? Эркексизби айымсызбы? Мунун бардыгы роль ойнойт. Вокал сабагында ар бир окучууга индивидуалдуу мамиле жасалат. Ар бирине тиешелүү көнүгүүлөр тандалып, тапшырмалар берилет.

Көпчүлүгү өз алдынча ырдаганды үйрөнүп, көнүп калышат. Кийин деффектилерден арыла албай кыйналышат. Туура эмес дем алуу, үндү жоготуп алуу ж.б. коркунучтар бар. Ошондуктан буга олуттуу мамиле кылуу зарыл.

Bilesinbi.kg интернеттен алынган кеңештерди сунуштайт

  1. Ырларды жана музыканы кунт коюп уккула. Музыкалык чөйрөдө иштеген адам ырларды көпчүлүк уккандан башкача угуп, башкача кабыл алат. Кайрыктарды, ноталарды, чыгармадагы түрдүү музыкалык аспаптарды угулушуна көңул бургула.
  2. Музыкалык терминдерди, жана албетте ноталарды таануу керек.
  3. Түрдүү ырчыларды угуп, аткаруу манерасын байкагыла.
  4. Ырдоодо туура дем алуу абдан маанилүү. Акырын мурун менен кыска-кыска дем алууга үйрөнүү зарыл.
  5. Бүкүрөйбөй түз жүрүүгө үйрөнгүлө. Ырдаганда үн кысылбай чыксын.
  6. Дикцияңызды оңдоңуз. Сөздөрдү чайнабай, так, түшүнүктүү сүйлөгүлө. Жаңылмачтарды жаттап күндө 2-3 жолу кайталап айтыңыз.
  7. Ырдап, үнүңүздү диктофонго жаздырыңыз. Ошондо кайсы жерин туура эмес аткарып жатканыңыз түшүнүктүү болот.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт