Кулагымдан ириң агып, жакшы укпайт. Эмне кылсам болот?
26 жаштамын. Жакында дарыгерлер оң кулагымды 30% укпайт деп айтышты. Кулагыман кичинекейимден бери ириң агат. 12 жашымда тарсылдагы жарылып калган деп айтышкан. Жакшы укпаганым үчүн адамдар менен сүйлөшө албайм, кекечтенип дагы кетем. Бул оорудан сакайса болобу?
Таттыгүл Агыбаева
Лор
Окурман, сиз суроодо бир кулагыңыз 30% укпаары тууралуу эле жазып жатасыз. Экинчи кулагыңызчы? Эгер экинчиси жакшы укса, 30 пайыздык көрсөткүч өтө коркунучтуу эмес.
Алгач ириңдин акканын токтотуш керек. Андан кийин кулактын угуусун жакшыртуучу методорду колдонуу зарыл. Мисалы, физиодарылоо - мында кулактын аркасына ийне саят.
Ал эми экинчи кулагыңыз дагы жакшы укпаса аппарат кийиңиз. Эгер ал кулагыңыз дагы 30% укпаса, аппарат кийиүүнүн деле кажети жок.
Дарылоодо кулактын угуусу мурункудай болуп ордуна келбейт, тарсылдак жабылбайт. Бирок туура дарылансаңыз угуу жакшырат. Бир жылда бир ирет дарылоо курсун алып, колдон келишинче кулакты ириңдетпей жүрүңүз.
Ден соолукта болуңуз!