Россиядан төрөлгөн баланы атасынын атына кантип өткөрөм?
Саламатсызбы, мен 7 ай мурун Россиядан төрөгөм. Балама маалымкат, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана атасынын аныкталгандыгы тууралуу күбөлүк (Свидетельство об установлении отцтовства) алганбыз.
Кыргызстанга келип жолдошум экөөбүз ЗАГСка турдук. Бирок баланы атасынын фамилиясына өткөрө албайт экенбиз. 18ге чыкканда өзү алмаштырып алат деп айтышты.
Жолдошумдун фамилиясына өткөрүүнүн башка жолдору барбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Менин түшүнгөнүм боюнча атасы деген графада туура эмес ат, же такыр эч нерсе жазылган эмес, туурабы? Же бала сиздин фамилияңызга жазылып калганбы?
Кандай болбосун ар бир маселенин чечүү жолдору бар. Азыркы учурда сиз сотко кайрылсаңыз болот. Сот аркылуу жолдошуңуздун аталыгын тастыктап, күбөлүк туура эмес деген чечимди аласыз. Ал чечимдин негизинде башка күбөлүк алсаңыз болот.
Ийгилик!