Карындашымды өзү асынып алды деп ишти жаап коюшту. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Карындашымдын өтүп кеткенине 5 жылдын жүзү болду. Ушул убакка чейин асынып алды дегендерине ишенбейбиз. Моргдогу сүрөтүндө моюнунда жиптин изи жок. Үйүндө асынып турганын кайын иниси менен кайын энесинен башка эч ким көргөн эмес (ал кезде кызы 2 жаш, баласы 4 айлык болчу).
Терөөчүгө акча берип, карып калган атама доом жок деп кол койдуруп алышкан экен. Биз окуя болгон учурда Россияда элек. Келип арыз жазып кайрылсак, тергөөчү менен прокурор алмашып, ишти жаап коюшту. Акыры бир тергөөчү "жогорку соттон ишти жап, күчтүү таанышың болбосо арызың каралбайт" деп чалып жатат. Эмне кылсак болот? Өлтүрдү деген кайын инисин көргөн сайын жүрөгүбүз эзилет.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Бул маселе боюнча иш материалдары менен таанышып чыкмайын, бир нерсе деп айтуу мүмкүн эмес. Жооп толук кандуу болушу үчүн кененирээк маалымат керек.
Тергөөчү факт боюнча кылмыш ишин козгоо же козгоодон баш тартуу боюнча токтом чыгарат. Андан кийин ал токтомду бул ишке тиешеси бар адамдарга жөнөтүп бериши керек болчу.
Сиз биринчи кезекте, ошол токтомду алып, эмне себептен иш козгоодон баш тартылганын такташыңыз керек.
Бүгүнкү күндө ишти кайрадан козгоонун натыйжасы канчалык эффективдүү болот билүү үчүн сөзсүз адвокаттан кеңеш алууңуз абзел. Жазгандарыңыз толук консультация берүүгө жетишсиз.
Сиз жогорудагы токтомду алсаңыз, кененирээк маалымат берем. Кайсы тергөөчү чалып жатканы тууралуу да так жазылбаптыр.