Канча айынан тартып бала менен учакка отурууга уруксат берилет?
2019.08.21, 13:59
1049
Жакында төрөймүн, төрөт үйүнөн чыккандан кийин канча күндө Оштон Бишкекке, андан ары Бишкектен Москвага учсам болот? Кичинекей балдар менен учууга уруксат берилеби?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.08.2019, 13:59
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Тиешелүү документтер даяр болсо, төрөлгөнүнө бир күн болсо да учууга уруксат берилет.
Мамлекет ичинде жүрүү үчүн ымыркайдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек. Ал эми Москвага учуу үчүн жалпы жарандык паспорт алуу зарыл. Ал үчүн:
- эки ата-энененин тең паспорттору
- нотариустан ишендирилген макулдугу
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек.
Аман-эсе көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп