// //

Бойдон түшкөндөн кийин сөзсүз алты ай күтүү зарылбы? Гинеколог жооп берет

2019.08.21, 13:45
1761

Саламатсызбы. 8 жума 6 күн болгондо баланын жүрөгү сокпой калып, боюман алдырттым. Андан кийин доктурга көрүнүп, күйөм экөөбүзгө дарыларды жазып берди. Гинеколог 6 ай сактанасыңар деди.

Сөзсүз алты ай күтүшүбүз керекпи? Календарь боюнча август-сентябрь уул болуп жатат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.08.2019, 13:46

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Эгер анализдериңиз жакшы, таза чыкса, кош бойлуулукту пландаштыра берүүгө уруксат берилет. Сизге вируска каршы терапия жазылса керек. Дарылануунун бир курсун бүтүрүңүз. Бир айдан кийин анализ тапшырып көрүңүз. Жыйынтыгы жакшы болсо, бойго бүтүрүүгө мүмкүн.

Джамиля Салиева

Гинеколог

Негизи үч айдан алты айга чейин. Мүмкүн болсо жарым жылдан аз эмес. Себеби, биринчиден аял киши физикалык жана моралдык жактан кайра калыбына келиши керек. Экинчиден, текшерүүдөн өтүп, эмне себептен бойдон түшүп калганын аныктоо зарыл. Кийинки кош бойлуулукта мындай коркунучту алдын алуу үчүн профилактикалык иш чаралар жүргүзүлөт.  

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт