Кайын журтум боюңда барбы деп сурай берип тажатышты. Психолог кеңеш берет
Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Боюма бүтүп, бирок бир аздан кийин эле түшүп калды. Даарыландык. Азырынча натыйжа жок. Өзүм жаман болуп жүргөндө кайын журтум да улам-улам боюңда барбы деп сурай берип тажатышты. Жадакалса кайнилерим да сураштырышат экен. Кысылып кеттим. Ызаланып ыйлай берем. Эч ким менен сүйлөшкүм да келбей калды. Эмне кылышым керек, кеңеш бериңизчи?
Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун адиси, психотерапевт
Саламатсызбы!
Кайын журтуңуз качан сиздин боюңузга бүтүп, жаңы үй-бүлө мүчөсү төрөлөт деп күтүп жатышат. Жада калса кайнилериңиз дагы. Тилекке каршы, бардыгы бирге жашаган чоң үй-бүлөдө жекече чек араны сактоо кыйын. Бардыгы бардыгынын жашоосу жөнүндө кабардар болуп турушат.
Сиз да бул үй-бүлөнүн мүчөсү болдуңуз, жаңыдан гана көнүшүп жаткандыктан сизге болгон кызыгуу чоң. Ал эми сиз үчүн оор теманы козгоп, жооп бере албай турган суроону бергендери жиниңизди келтирип жатат.
Боюңуздан түшүп калышы, чон жоготуу, стресс. Анын үстүнө алгачкы кош бойлуулугуңуз болгон экен. Өзүңүзгө келүү үчүн убакыт керек. Сиз сөзсүз балалуу болосуз. Бирок азырынча ал теманы көп ойлонуп, кайгыруунун кереги жок. Көңүлүңүздү башка нерсеге буруңуз: жумушка, хоббиге баш отуңуз менен кириңиз. Буга чейин орундата албай келген пландарыңызды ишке ашырыңыз. Курбуларыңыз менен жолугуп, активдүү, кызыктуу жашоо менен жашаңыз. Бир канча убакыт өткөндөн кийин сөзсүз эне болуу бакытына туш болосуз.
Бактылуу болуңуз!
Карлыгаш менен инстаграм аркылуу psihoanaliz_kg байланышсаңыз болот.