// //

СММ адистен 7 кеңеш

2018.09.28, 15:45
6322

Мындайынан караганда, СММ адис болуу баарынын эле колунан келчүдөй көрүнөт. Бирок, СММ  - лайк чогултуп, “котиктерди” бөлүшүү эмес. Бул чөйрөдө кесипкөй болуу үчүн атайын жөндөмдүүлүктөр керек.

Beeline' дын маркетинг коммуникация боюнча эксперти Айзада Абасканова жаңыдан бул чөйрөгө аралашып жаткандарга кеңеш берет.

  1. Издениңиз

Мен эч кандай курстарга барган эмесмин. Жазганды, бөлүшкөндү, баарлашканды жакшы көрсөңүз, өз алдынча үйрөнө аласыз. Интернет деген жакшы курал бар. Жөндөмүңүздү арттыруу үчүн керектүү материалдарды окуңуз, телефондон жаңы тиркемелерди үйрөнүңүз, тернддерди караңыз, баары өз колуңузда. Каалооңуз күчтүү болсо, бат эле өздөштүрүп кетесиз.

  1. СММ адиси колдонуучуларды ойлойт

СММ адисин жөн эле сүрөт коюп иштейт дегендер жаңылышат. Анын жумушу – колдонуучуларга кызыктуу контент жаратуу.

  1. Аккаунтуңуздун аты маанилүү

Көпчүлүк социалдык тармактардагы баракчаларынын атын туура эмес коюшат. Мисалы, позиция менен кеткен “клубничка_39кж”, “айгүл_баткен” деген аттар чоң ката. Колдонуучуга бул аккаунт кимдики жана ал эмне үчүн ага жазылышы керек экенин айтып беришиңиз керек.

  1. Эч качан алдабаңыз

Аудиторияны, кардарды, эң маанилүүсү өзүңүздү алдабаңыз. Бирөөнүн сүрөтүн алган туура эмес. Өзүңөрдү адис катары көргөзүңүз келсе, эч качан андай нерселерге барбаңыз.

  1. Жакшылап коргонуңуз

Сыр сөзүңүздү бекем коюңуз. Бирөөнүн телефонунан аккаунтуңузга кирбеңиз. Көчөңүздүн, ата-энеңиздин аттарын, туулган жылыңызды сыр сөзгө койбоңуз. Колуңуздан келбей жатса, Google' га кирип “генератор пароли” деп издесеңиз, сизге уникалдуу сыр сөз таап берет. “Шилтемени бассаң 100 миң аласың” дегендерге ишенбеңиз. Алар жөн гана жарнама.

  1. Жеке баракчаңыз сиздин жүзүңүз

Социалдык тармактардагы баракчаңызды резюме катары көрүңүз. Кайсы жерден билим алдыңыз, кайда иштедиңиз ж.б жазып, мотивация берчү адамдарга катталыңыз. Жалган, агрессивдүү маалыматтарды бөлүшүп, негативдүү комментарий жазсаңыз, жумуш берүүчүлөрдү үркүтөсүз. Адамдар сиздин баракчага киргенде, ким экениңизди билет.

  1. Лайк кайырчысы болбоңуз

Лайктардын жана жазылуучулардын санына чуркабаңыз. Сандардын эч кандай ролу жок. Социалдык тармактардагы алгоритм өзгөрүп турат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт