// //

Айызым токтобой жатат, эмне кылышым керек? Гинеколог жооп берет

2019.08.20, 10:06
1372

Мен 44 жаштамын. Мурда этек кирим өз убагында келип, эч кандай көйгөй жаралчу эмес. Азыркысы да убагында келди. Бирок 15 күндөн бери токтобой жатат. Дары ичсем басылат, ичпей койсом кайра келип жатат. Бул эмнеси?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.08.2019, 10:07

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Мындай абал климактикалык мезгилдин башталышына мүнөздүү болот.

Климакс – бул жаш куракка байланыштуу организмдеги өзгөрүүлөр. Анда аялдын жыныс системасынын функциялары өчөт. Аялдарга карата айтылганда менопауза - деген термин дагы колдонулат.

Менопауза башталганда аялдарда балалуу болуу мүмкүнчүлүгү токтойт. Орто эсеп менен 45-50 жаштан башталат. Негизи кыйналуусуз өтөт. Бирок айрым аялдар климаксты абдан оор көтөрөт.

Климакстын белгилери:

  • бет, моюн, төш, арка кескин ысып, кызарып, тердейт;
  • ашыкча терчил болуп калат;
  • кан басымы көтөрүлүшу мүмкүн;
  • баш айлануу пайда болот;
  • маанайы себепсиз кескин өзгөрүп турат;
  • уйку качат;
  • тез чарчайт;
  • оозу кургап турат;
  • кескин толуп кетиши мүмкүн ж.б

Так диагнозун аныктоо үчүн гинекологго көрүнүп, анализ тапшырып текшерүүдөн өтүңүз. Балким дарыланышыңыз керек.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт