Курут жегенди жакшы көрөм. Зыян эмеспи?
Курутту өтө жакшы көрүп жейм. Түгөнүп калса шилекейим агып, эстегенде кыйналам. Эки, үч килограммды бир жумада эле жеп коем. Кээ бир дарылгерлер каның азаят деди, айрымдары болсо эч нерсе болбойт жей бер дешти. Эмне кылсам болот? Түшүнбөй калдым.
Асель Сыдыкбекова
Терапевт
Бул жерде курутту көп жеген көйгөй эмес, эмне себептен көп жеп жатканыңыз суроо жаратат. Организимде бир нерсе жетишпей жатканы үчүн курутту сүйүп жеп жатасыз.
Канга жалпы анализ жана кальцийге анализ тапшырыңыз.
Эгер сизде, төмөнкү белгилер бар болсо:
- тырмактын сыйрылышы;
- баттан сынышы;
- чачтын түшүүсү;
- теринин кургашы;
- өзгөчө бир тамакты жегиңиз келсе ( мисалы: курут, бор, ачуу, кычкыл азыктар);
- жамгырдан кийинки жыт жакса (ацетон, лак ж.б);
анемия болушуңуз мүмкүн. Аны дарылаш керек. Аныктоо үчүн дарыгерге кайрылып жалпы анализ тапшырууну сунуштайм.
Ал эми организим курутту талап кылып жатса жей бериңиз. Коркунучтуу эмес. Бирок чеги менен жеш керек. Эсиңизде болсун көп курут жесеңиз бөйрөктө таш пайда болот. Санай берсе факторлор көп. Жашаган жериңиздеги терапевтке же мага келип деле текшерилсеңиз болот.
Ден соолукта болуңуз!