// //

Көзүмдүн айланасына ак угрилер чыгып кетти, кантип кетирем? Косметологдун жообу

2019.08.19, 12:19
1738

Саламатсызбы, 2 жыл мурун көзүмдүн тегерегине ак угрилер чыгып, такыр кетпей койду. Эмне кылып кетирсем болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.08.2019, 12:21

Аида Аскеева

Косметолог

Саламатсызбы окурман. Сиз айтып жаткан ак угрилер “жировик” болсо керек. Медицина тилинде “липома” деп аталат.

Алар оорубайт, кычышпайт жана эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Болгону эстетикалык жактан жагымсыз. Көбүнчө көздүн тегерегине, мурунга чыгат.

Пайда болуу себептери түрдүү:

  • организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушу;
  • боор, бөйрөк оорулары;
  • жаңы төрөлгөн ымыркайларда (2-3 айда жок болот);
  • өспүрүм куракта, гормоналдык өнүгүү учурунда;
  • климакс учурунда, айрым гормоналдык функциялар өчкөндө
  • кан диабети менен ооруганда, ж.б. башка учурларда пайда болот.

Диетага отуруп, майлуу, куурулган тамактарды күнүмдүк рациондон алып салуу керек.

Косметологдор механикалык тазалоону сунушташат. Башкача айтканда, атайын стерилдик инструменттер менен колдонуп, липомалар сыгылат. 3-4 процедура жасатуу зарыл.

Андан тышкары хирургиялык кийлигишүү аркылуу же лазер менен кетирүү жолдору да бар.

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
22.08.2019, 17:44

Мен разрыв болуптурмун тикпей койушуптур, эми куйоом жалоб кылып жатат, эмне кылсам болот?Тиктирсем канча сом болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт