Төрөгөндөн кийин айрылган жерлер канча убакытта калыбына келет?
Төрөгөнүмө 11 күн болду. Биринчи төрөтүм, ичинен “разрыв” болуптурмун. Айрылган жерлер канча убакытта калыбына келет? Канча күндөн кийин отура берсем болот?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Тигилиштер (шов) 2 жумадан тартып 4 жумага чейинки мезгил аралыкта калыбына келет. Бардыгы айрылган жараттардын көлөмүнөн жана тереңдигинен көз каранды.
Сиздин жазып жатканыңызга караганда, эпизиотомия жасалган окшойт. Андай учурда 2 жумадан кийин алгач бир жамбашка, дагы эки жуманын ичинде акырындап толугу менен отурууга уруксат берилет. Абдан этият болуңуз. Жеке гигиенаны жакшылап сактаңыз. Инфекция жугузуп алуудан абайлаңыз, суука урунбаңыз.
Ал эми тигилген жерлер боюнча кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, төрөттөн кийин бир айга чейинки убакыттын ичинде төрөткөн дарыгерге же ооруканага кайрылсаңыз болот.
Бешик бооңуз бек болсун!
Эпизиотомия – төрөт учурунда жыныс кынын скальпель же хирургиялык кайчы менен кесүү. Баланын башы жамбаш сөөк аркылуу өтүп жатканда жумшак ткандар айрылып кетиши мүмкүн. Андай коркунуч пайда болгондо акушер төрөттүн жүрүшүн тездетүү жана жеңилдетүу максатында хирургиялык кийлигишүү жасайт.
Төрөттөн кийин кесилген жерлер тигилет. Хирургиялык кесүүдө айрылууга караганда кан жоготуу азыраак болот жана кайра калыбына келүү процесси тезирээк жүрөт.