Спираль салдыргандан кийин кан келиши нормалдуубу? Гинеколог жооп берет
2019.08.16, 12:04
6468
Спираль салдырдым эле 15 күн болуп калды. Дагы деле кичинеден кан келип жатат. Бул нормалдуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.08.2019, 12:04
Машхура Ишмухамедова
Гинеколог
Саламатчылык. Негизи кан 4-5 күндө токтошу керек. Сиз айткандай узак убакытка чейин кан келиши туура эмес. Спираль ордунан жылып калса, же башка себептерге байланыштуу кан кетиши мүмкун. Сөзсүз кайра гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүңүз. Кандайдыр бир маселе жаралса, спиралды алдыруу керек.
Туура эмес колдонулган контрацепция төмөнкү көйлөйлөргө алып келет:
- инфекциялык сезгенүү;
- ооруксунуу;
- көп кан кетүү.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп