// //

Канча жашыман баштап президенттикке талапкер боло алам?

2019.08.16, 11:43
1155

Саламатсызбы. Канча жашыман баштап Кыргызстандын президенттигине талапкер боло алам? Ушул жөнүндө маалымат берип кое аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.08.2019, 11:44

Айбек Омуралиев

Борбордук шайлоо комиссиясынын уюштуруу башкармалыгынын мүдүрү

Саламатчылык окурман!

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, президенттикке жашы 35тен жаш эмес жана 70тен улуу эмес Кыргыз Республикасынын жараны талапкер боло алат.
  • Андан тышкары президент болом деген жаран Кыргызстандын аймагында 15 жылдан кем эмес жашоого тийиш.
  • Шайлоого аттанганда аны колдоп жаткан шайлоочулар бар экенин тастыктоо үчүн 30 000ден кем эмес адамдын колун топтоо зарыл.
  • Президент 6 жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу президент боло албайт.
  • Болочок президент мамлекеттик тилди мыкты билүүгө тийиш.
  • Ошондой эле, соттолбогон болушу керек.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт