Жумуш издөөнү эмнеден башташым керек?
Быйыл юриспруденциянын бакалавр бөлүмүн бүттүм. Жумуш издөөнү эмнеден башташым керек? Мамилекеттик жумушта иштесемби деген пландарым бар.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Эгерде адамдын максаты жана умтулуусу бийик болсо, максаттарына жетишине чоң мүмкүнчүлүктөр берилет. Ал эми адамдын максаты төмөн болсо, ошого жараша төмөн мүнкүнчүлүктөр жаралат. Мен сизге алдыңызга чоң максаттарды коюшуңузду сунуштайт элем. Ошондо сиз өзүнүздүн чоң максаттарыңызга жетесиз.
Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү көп акча табууну көздөп, адал-арамга карабай мыйзам бузууларга жол берип, элдин акысын жегендер кездешүүдө. Ошондуктан биринчи кезекте өзүңүздүн жумушка кирүүдө эмне максат кылып жатканыңызга караңыз.
Азыркы учурда сизде жетиштүү тажрыйба жок болгондуктан, алгаX тажрыйба топтоого аракет кылыңыз. Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз.
Өз ишин жакшы билген жана ак иштеген адиске эл муктаж. Муну эч качан эсиңизден чыгарбаңыз.
Диана Имамидин кызы
Юрист
Окурумна, биринчиден мамилекеттик кызматтын сайтынан кандай ваканциялар бар экенин караңыз. Экинчиден жакшылап резюме даярдаңыз. Үчүнчүдөн юриспруденциянын кайсы багытын жакшы билесиз жана кандай кызматта иштегиңиз келээрин чечиңиз.
Жумушка орношууда “мен эч нерсе билбейм” десеңиз эчким сизди жумушка албайт. Ошол үчүн жок дегенден юриспруденциянын бир багытын жакшы окуп, өздөштүрүп алыңыз. Анан албетте кызыгууңуз болуш керек. Кызыгуу жок болсо, эч нерсе болбойт.
Азыр көп жумуштарда бекер стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Тажрыйба топтоп, жөндөмдүүлүгүңүздү көсөтсөңүз дароо жумушка алат.
Мамилекеттик жумушта иштөөнү кааласаңыз Юстиция министирлигине стажер болуп орношсоңуз болот (ваканцияны сайтынан караңыз). Ошондой эле job.kg жана employment.kg деген сайттардан ваканцияларды карасаңыз болот.
Ийгилик!