Жеңем түндө ичип келээрин байкем билбейт деген жигиттин баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Мурат 19 жаштагы студент. Келечекте инженер болугусу келет. Жаш жигиттин айтымында жеңеси күйүтүнөн ичип жүрөт.
"Жеңемдин бул кылыгынан байкемдин кабары жок"
3 бир тууганбыз. Эжем турмушка чыккан, байкем Россияда айдоочу болуп иштейт, жеңем биз менен турат. Ата-энем пенсияда, экөө тең аябай ак көңүл. Баса, Темушту унутуп калыпмын, байкем менен жеңемдин 3-класстагы баласы.
Жеңем ашпозчу. Таң эрте кетет, түндөсү келет. Келгенде да жөн келбей, ичип келет. Жеңем серп этип алганда таң атканга чейин уйку жок. Ар нерсени сүйлөйт: жашоосуна наалыйт, байкемди бирөө менен жүрөт деп жамандайт, күйөө деген аялынын маңдайында болсо кана деп ыйлайт, кээде ажырашып башкага тийип кетээрин айтат.
Ата-энем байкуш унчукпай "сеники туура" деп маңдайында отурат.
Таң атканда уктап, эртең менен кайра эч нерсе болбогондой жумушуна жөнөп кетет. Темушту биз карайбыз: окуусуна мен алып барам, апамдар жуунтуп, кийинтип, курсагын тойгузат. Байкемдин жеңемдин бул кылыгынан кабары жок. Алыста жүргөндө айтпай эле коелу деп чечкенбиз.
Бир туруп жеңеме да боорум ооруп кетет. Байкем жиберген акча жетпейт, жеңем тамак жыттанып, чарчап, жуунганга алы келбей, түндө келет. Балким күйүтүнөн ичет деп ойлойм. Бирок, бул адатын уланта берсе аягы жакшы бүтчүдөй эмес. Ата-энем да кары, байкем менен жеңемдин жашоосун ойлоно берип жүрөктөрү да оорукчан болуп калды.
Айтыңызчы, жеңеме кантип жардам берсем болот?
Адис кеңеш берет
Ширин Амантурова, психолог
Урматтуу окурман! Бир тууган байкеңиздин үй-бүлөсүндө болуп жаткан маселе сизди тынчыңызды алып жатканы абдан өкүнүчтүү. Эки адам ортосунда пайда болгон көйгөйлөрдү (сиз канчалык аракет кылсаңыз да) жубайлар өз алдынча чечиш керек.
Жеңеңиздин ичимдикке берилип кетишине көп себептерди айтса болот: курчап жаткан чөйрөсү, балким кесиптештери, үй-бүлөлүк көйгөйлөр, стресс, "склонность к алкоголизму" ж.б.
Ата-энеңиздин байкеңизге айтпаганы бир чети туура, бирок мунун аягы аянычтуу бүтүшү ыктымал: жеңеңиз баш оту менен ичкиликке берилип кетиши мүмкүн же байкеңиздин үй-бүлөсү менен болуп жаткан окуяларды көргөн баланын психикасы бузулат.
Ичкенге ар кандай шылтоолор табыла берет, бирок бардык көйгөйлөр үчүн башка бирөөнү күнөөлөө - бул жоопкерчиликтен качуу. Жеңеңизге медициналык жана психологиялык жардам керек. Күйөөсүнө айткыла демекчимин, ал канчалык эрте билсе, ошончолук жардам берүү эффективдүү болот.
Үй-бүлөңөргө бакыт каалайм!