Төрөгөндөн бери айызым келе элек, боюма бүтүп калышы мүмкүнбү?
2019.08.08, 10:19
1125
Саламатсызбы. Балам 1 жаш 3 ай болуп калды. Төрөгөндөн бери айызым келе элек, боюма бүтүп калышы мүмкүнбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.08.2019, 10:21
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Ооба, мүмкүн. Сиз айтып жаткан мөөнөттөн мурун деле бойго бүтүп калышы мүмкүн. Төрөттөн кийин ар бир аялдын овуляциясы ар кандай мезгил аралыгында жаңыланып, калыбына келет. Ошондуктан эмчек эмизгенге жана этек киринин келбегенине карабастан сактануу зарыл.
Сиз алгач гинекологго көрүнүп, УЗИге түшүп, бойго бүтүп же бүтпөгөнүн так билип алыңыз. Кош бойлуулук жок болсо, гинеколог менен бирге сизге ыңгайлуу жана жарактуу контрацепция ыкмасын тандаңыз.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп