// //

Атамды жазалагым келет. Жаш кыздын баяны

2018.09.27, 10:59
7589

Саламатсызбы! Bilesinbi.kg’ге чоң рахмат айтам. Канчалаган жаштар бирөөлөргө айта албаган көйгөйлөрү менен бөлүшүп, жооп алып келишет. 

22 жаштамын. Үч бир тууганбыз. Атамды жек көрөм. Апамдан айрылганыбызга көп болуп калды. Атама балалык кезимден калган таарыныч бар. Эч эле тил табыша албайбыз. Күн сайын урушканыбыз аялына майдай эле жагат.

Атам бизге кам көрбөйт: билим алууга, бир нерсеге жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген жок.  

Кичүү сиңдим менен шаарда турабыз. Кээде ач, кээде ток. Акча берейин деп ойлонбойт. Бирок, ошол эле учурда "мени угуп, сыйлагыла", деп талап кылат. Кандай кылсам болот?

Акыркы жолу  тууган күнүндө урушуп кеттик. “Сиңдиң өзүн бага албай жатса, Сирияга жибер!” деген сөзү ачуумду келтирди. Кээде атамды жазалагым келет. Атам бизге кам көрүүгө милдеттүү экенин кантип түшүндүрсөм? 

Тамара Воронцова, психолог    

Кымбаттуум!  Көпчүлүк ата-энелер балдарын тарбиялап, окутуп, камсыздайт. Тилекке каршы, сиздин тагдыр башкача болуп калыптыр. Түшүнүп турам, бул абдан кыйын жана таарынычыңыз көпкө чейин, мүмкүн өмүр бою сакталып калат.

Кызым, сиз чоңоюп калыпсыз, атаңызга үмүт артпаңыз. Адептүүлүктү сактап, майрамдарда куттуктап коюңуз, талашып-тартышпаңыз. Атаңыз сизге мээрим төгө албагандан кийин, көңүл калуу жана уруштан башка эч нерсе бербейт. Чанда гана көрүшкөнгө аракет кылыңыз.

Ишене турган бирөөсү жок  адамдар көп нерсеге жетет. Андыктан эмгектениңиз: тамак жасап, батирлерди тазалап, кичинекей балдар менен олтуруп, карыларды карап ж.б. жумуштарды аткарып акча тапсаңыз болот. Сиңдиңиз канча жашта экенин айтпапсыз, бирок, ал да жардам берсин, азыртадан ага баарын үйрөтүңүз. Эсиңизде болсун, кыйынчылыктар такшалтып, күчтүү кылат, сиңдиң экөөңөрдү жакындатат, өмүр бою ынтымакта жашайсыңар. Алдыга гана умтулуңуз!

Атаңызды өзгөртүп, ынандыра албайсыз. Аны кечириңиз – ал өз тандоосун жасады, кудай күнөөкөрлөр менен өзү иш алып барат. Аны күтүп турган сот жана жаза, сиздин өч алуу же айыптоодон да күчтүү.

Бир нерсени так айта алам, сиз балдарыңызды сүйүп жана ар дайым аларга жардам бересиз. Эң негизгиси тандаган түйгөйүңүз жалкоо болбосун.

Кызым, бактылуу болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт