// //

Сот ишти жапкандан кийин, кайра козгой береби? Юрист жооп берет

2019.08.07, 15:51
836

Саламатсызбы! Мен Россияда иштейм, ата-энем карапайым адамдар, дыйканчылык менен алектенишет. Былтыр биздин үй аркылуу бир аялы менен күйөөсү өзүлөрүнүн жер участогуна өтүп баратканда, алар менен ата-энемдин ортосунда чыр чыга кетип, атам ачууга алдырып, күйөөсүнүн акырегине жаракат келтирип алган.

Бирок, дарылануусун толук төлөп бергенбиз. Алар сотко арыз жазышып, соттун чечими менен ал үй-бүлөгө ай сайын нотариус аркылуу 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берип турганбыз.

3 ай мурун нотариуста иштеген эже жумуштан чыгып кетип, берилчү акча убактысынан 1 жумадай кечигип калат. Бул тууралуу биздин кабарыбыз жок болчу. Ата-энем кийин акчаны өздөрүнүн колуна берели деп 2 жолу алып барышса, албай коюшуптур. 

Биз да жайына койгонбуз. Эми алар кайра сотко кайрылышыптыр. Атамды бүгүн суракка чакырышты. Ушул окуянын айынан атамдын жүрөгү ооруп калды. Чынында ал чатактан атам да жабыр тарткан, тактап айтканда экөөлөп (аялы менен күйөөсү) уруп коюшкан. Бизди жөн эле мазактап жатышат.

10 миң сом өлчөмүндөгү акчаны тиги күйөөсү жумушка жараксыз болуп калганы үчүн деп компенсация катары төлөчүбүз, бирок, ал жерин иштетип, жакшынакай эле такси айдап жүрөт.

Сурайын дегеним, эми соттун чечими чыгып, ишти жапкандан кийин, тигилер биз тарапка арыз менен кайрылса, ишти кайра козгой беришеби? Биздин кандай укуктарыбыз бар? Бул көйгөй ата-энемди 1 жылдан бери убара кылып келет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.08.2019, 16:01

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи 

Саламатсызбы! Тилекке каршы мен сиздин ата-энеңиз кабылган жагдайды толук билбей туруп обьективдүү эч нерсе айта албайм. Тактап айтканда, толук кандуу жооп берүү үчүн атаңызга козголгон сот ишин карап, кагаздар менен таанышып чыгышым керек. Bilesinbi.kg редакциясы аркылуу менин телефонумду алып, байланышка чыксаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт