Күйөөмдүн ар бир экинчи сөзү уят деген келиндин баяны
Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.
Бул ирет күйөөм аябай сөгүнөт деген келиндин катын жарыялайбыз.
Бермет: балам атасын тартышын каалабайм
Саламатсызбы! Мен 23 жаштамын, күйөөм 24тө, бир жыл мурун баш кошконбуз. Учурда өз алдынча турабыз. Кош бойлуумун.
Эрнис (аты өзгөртүлдү) кыз-жигит болуп жүргөндө эле сөгүнчү, бирок, азыркыдай эмес. Ар бир экинчи сөзү уят. Ушундай сөгүнөт дейсиңер, кулагыңар түрүлүп калат. Эң кызыгы, кайын энем менен кайын атам да сөгүнөт.
Билем, сөгүнүү алар үчүн нормалдуу эле көрүнүш. Бирок курсактагы балама кабатыр болом. Ал төрөлүп, бой жеткенде, атасын тартып сөгүнүшүн каалабайм.
Эрниске канча айттым, кайра эле унутуп коет. Эмне кылсам экен? Күйөөмө кантип таасир бере алам?
Адис эмне дейт
Ильдар Акбутин, психолог
Күйөөңүздүн бул адатына эч кандай таасир бере албайсыз, себеби ал бала чагынан калыптанып калган. Суранып көрбөдүңүзбү, бирок ал токтотууга даяр эмес экен. Сиздикине окшош абалга кабылган кардарларымды ийгиликке жеткизген бир канча ыкмалар бар.
- Өзүңүз сөгүнүп баштаңыз. Күйөөңүздүн реакциясына караңыз. Бул нерсе ага жакпаса, шарт коюңуз, эгер сөгүнө турган болсо, анда сиз да өзүңүздү көзөмөлдөбөйсүз.
- Сөгүнгөн сайын сиз үчүн бир нерсе жасап бергендей кылып макулдашып алгыла. Мисалы, менин бир кардарым, арзан эмес бир гүлдесте алып турууга сүйлөшкөн. Башкасы кафеге алып барасың деп макулдашкан. Бул анын адатын компенсациялаган штрафтын же жазанын айрым бир түрлөрү. Бирок, ошол эле учурда, сизге сонун сезим тартуулайт. Эң маанилүүсү, күйөөңүз диалогго ачык болуп, өзү бул адаттан арылууну каалашы керек.
- Бул ыкмалар иштебесе, ал эми каалооңуз дале күчтүү болсо, ар бир сөгүнгөн учурунда үйдөн узак мөөнөткө кетип калыңыз. Мисалы, бир кардарым биринчи жолу 3 күнгө кетип, кайра кайтып келчү, күйөөсү адатын кайра кайталанганда бир жумага кетип калчу. Убакыт узарып отуруп, бир айга жеткенде, күйөөсү аялы тамашалабаганын түшүнүп, адатынан баш тартууну чечкен. Бул үй-бүлөнүн көйгөйү – спирт ичимдиги эле, алар аны жеңе алышты. Сиздин учурда сөгүнүү боюнча эмне деп айтууга болот, сиз үчүн бул көп эмгек талап кылбайт деп ойлойм.
- Эч бир метод жардам бербесе, кетип калганыңызга кайдыгер болсо, кыязы ал сизди сүйбөйт, аны менен болосузбу же жокпу баары бир. Бул учурда бир суроо пайда болот, сизди сүйбөгөн адам менен эмне кылып жүрөсүз? Бирок бул суроо сизде пайда болбойт деп үмүттөнөм.
Саламатсыздарбы мен жашым 19 да мен 2019 жылдын март айында зордуктоого учурап ал бала албайм деп арадан 1 ай өткөндө мен май айында ал балага арыз жазган элем ал жерде ата энем уят айылдагылар укса деп мени ал балага беришет аныда ата энеси зордоп алдырат ошентип жашап калдык бир ай өттү сот иштери бүттү баары жабылды арызымды кайтарып алган сон мени кете бер деп кысымдап ар кандай сөздөр кемсинтүүлөр болуп ар тараптан мага кысым көрсөтүлүп акыры кетиришти арадан дагы бир ай өттү кайра жашайын десем сот бүтүш үчүн алгам баары бүттү эми эч нерсе кыла албайсын жашабайм деп жатышат кайрадан сот ишине кайрылсам карайбы