Сүннөткө отургам, канча күндөн кийин жиби түшөт? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Мен сүннөткө отурган элем, канча күндөн кийин жиби түшөт? Бинт менен качан таңбай койсом болот? Экинчи суроом, отургузулгандан кийин жынысымдын баш жагында тигилген жеринде кичинекей этче калып калды. Ал кийин кетеби? Чоңдугу мейиздей. Кала турган болсо, зыяны тийбейби?
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Саламатчылык. Сүннөткө отургузулгандан кийин тигилиштеги жиптери эки жуманын ичинде түшөт. Бинт менен таңуунун зарылчылыгы жок. Себеби аба жакшы жетпей, суу болуп, былжырап, айыгышы көпкө созулуп кетет. Күндө жуунуп, өздүк гигиенаны сактаңыз.
Экинчи сурооңуз боюнча, тигилген жерде калып калган этчени көрүшүм керек. Өтө чоң болуп, ыңгайсыздык жаратса, алып салыш керек. Ал эми кичинекей болсо, зыяны деле жок.
Тезирээк сакайып кетиңиз!
Уролог Азат Бейшенов менен инстаграмдагы urologyazat _kg аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.