Кайын атамдын машинасы бар. Балдарыма кантип жөлөкпул алсам болот?
Саламатсызбы! Балдарыма жөлөкпул кантип алсам болот? Күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Кайын ата, кайын энем менен чогуу турабыз. Кайын атамдын машинасы бар, кайын энем пенсия алат. Өзүмдүн ата-энем балдарга жардам бербейт.
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпулу аз камсыз болгон, 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет.
“Үй –бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө айлык акы, ишкердик кылуудан, мал жандыктарынан, жер үлүшүнөн жана короо жанындагы участоктон алынган кирешелер эске алынат.
Ошондой эле, үй-бүлөдө иш абалындагы пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан аз, кыймылдаткычынын күчү 2000 жана андан көп куб сантиметр болгон жеңил, чарбалык, жүк ташуучу унаалар жана автобус болсо, жөлөк пул чектелбейт.
Кайын атамдын унаасы бар деп жатасыз. Бир же бир нече үй-бүлөлөр чогуу жашашса жана бюджети бир болсо, жөлөкпул чектөөдө алардын жалпы бюджети эске алынат. Эгер силердин бюджетиңер өзүнчө болсо, балдарга жөлөкпул дайындоодо кайын атаңыздын машинасы эске алынбайт. Бирок ал үчүн айыл өкмөтүнөн үй-бүлө бюджети эки башка деген маалымкат талап кылынат.
Ата-энем балдарыма каралашпайт деп жазыпсыз. Балдар жөнүндө Кодексте ар бир ата-эне өз баласын өзү багууга милдеттүү так айтылган. Маселе жөлөкпул алуу менен гана чечилип калбайт. Жөлөкпул убактылуу акча.
Күйөөңүз экөөң тең иштебесеңер, шаардык жана райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарында атайын иш менен камсыз кылуу бөлүмү бар. Ал жерде бекер курстар окутулат, барып окуудан өтсөңөр, жумуш таап берүүгө көмөктөшүшөт.