// //

Төрөгөндөн кийин кызгылт кандын келиши нормалдуубу? Гинеколог жооп берет

2019.08.02, 08:08
8385

Саламатсызбы. Төрөгөнүмө үч күн болду. Кызгылт кандын аз-аздан келиши нормалдуубу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.08.2019, 08:09

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Ооба, бул нормалдуу. Төрөттөн кийинки суюктуктун келиши (выделения) – лохии деп аталат. 4 жумадан 6-8 жумага (ар кимдики индивидуалдуу) чейин созулат.

Алгачкы 5-7 күндө суюктук кан аралаш, бөлтөк болуп келет. Өңү кочкул кызыл же кызгылт.

Баланы эмизүү жатындын жыйрылышын тездетет, ошондуктан эмизип жатканда ичтин төмөн жагы оорутат.

10-14 күндөн кийин суюктуктун өңү ачыгыраак болуп көлөмү азаят. Жагымсыз жыт болбош керек. Сөзсүз өздүк гигигенаны сактоо зарыл!

Андан кийин өңү саргарып, консистенциясы былжырак болот, бара-бар түсү жок болуп калат.

Эгер эрте эле лохии токтоп калса – бул анын жатынга топтолуп, чыгышында көйгөй жаралды  дегенди билдирет. Дароо гинекологго көрүнүп УЗИге түшүү зарыл.

Балаңыздын бешик боосу бек болсун!

Төрөт жана төрөттөн кийинки мезгил тууралуу эң көп берилчү 7 суроо

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт