// //

Сугат жериңердин кирешеси көп деп жөлөкпул чектебей жатышат. Эмне кылсак болот?

2019.08.01, 11:17
1104

Саламатсызбы! Мен Нарын районунан жазып жатам. 2 балам бар, күйөөм экөөбүз тең иштебейбиз. Жөлөкпул алалы десек, сугат жериңердин кирешеси көп болуп кетет деп чектебей жатышат. Жолдошума тиешелүү үлүш жер болгону 0,28.  Кантип жөлөкпул алсак болот? Айылда жумуш жок, балдарыбыз кичинекей, карыган апабыз бар. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.08.2019, 11:19

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу үй-бүлөнүн кирешесин эске алуу менен чектелет. Кирешелерге: айлык акы, стипендия, ишкердик кылуудан түшкөн киреше, жер жана үйгө караштуу участокторду иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар кирет.

Эгер силерде жер бар болсо, жердин өлчөмү менен сапатын көрсөтүү менен, жер үлүшүнүн жана үйгө карштуу жер участогунун болушу тууралуу айыл өкмөтүнөн маалымкат талап кылынат.

Жер үлүштөрүнүн түшүмдүүлүгү жана сапаты боюнча атайын нормативдер каралып, ар бир региондо ар кандай өлчөмдө белгиленген. Сиз Нарын районунун кайсы айыл аймагынан экениңизди толук жазсаңыз, жер үлүшүңүз тууралуу кененирээк маалымат бермекпиз.

 “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун чектөөдө чогуу жашаган карылардын пенсиясы киреше катары эсептелбейт.

Сиз сурооңузду толуктап КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин +996 557 700 845 WhatsApp номерине кайрадан жазыңыз.

Жөлөкпул чектөөдө негизсиз баш тарткан болсо, Нарын районундагы социалдык маселелер боюнча комиссияга кайрылсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт