Төрөттөн кийин 40 күн күтпөй эле жыныстык катнашка барса эмне болот?
Төрөттөн кийин 40 күн күтпөй эле жыныстык катнашка барса эмне болот? Ден соолукка кандай зыяны тиет?
Джамиля Салиева
Гинеколог
40 күнгө чейин жатын ачык болуп, ачык жаратка окшош. Инфекция кирүү коркунучу өтө жогору.
Жатындын инволюциясы (төрөткө чейинки көлөмүнө кайтуу), жыйрылып калыбына келиши ушунча убакытка созулат. Башкача айтканда, төрөт учурунда ымыркайдын чыгып кетүүсү үчүн жатындын моюнчасы 10 сантиметрге чейин ачылат. Ушул инволюция учурунда ал кайра нормалдуу абалына кайтышы керек. Себеби жатындын моюнчасы жана цервикалдык каналдын былжыры инфекциялардан коргоочу барьер болуп саналат. Төрөттөн кийин жатындын моюнчасы ачык тургандыктан, аялдын организмин түрдүү инфекциялардан коргоочу функциясын аткара албайт.