Тиши чыга элек балага тамакты чайнап берсе болобу? Педиатр жооп берет
2019.07.31, 11:39
1792
Саламатсызбы. Тиши чыга элек балага тамак чайнап берсе болобу? Апам баарыңарды ошентип эле чоңойтком, деп жатат.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.07.2019, 11:41
Садыков Эдиль
Педиатр
Саламатчылык. Жок, балага тамакты чайнап берген болбойт. Апасынын оозунда осулу болушу мүмкүн же тиштерин курт жеген болушу мүмкүн, андан башка микробдор деле толтура. Баланын иммунитети көтөрө албаган оору жугузуп коюшуңуз ыктымал. Ошондуктан балага тамак чайнап берген болбойт.
Тиши чыга элек балдарга каша жасап берсеңиз болот, же тамакты пюре кылып эзип бериңиз.
9-11 айлык балага майда бөлкчөлөргө туурап берсеңиз болот. Себеби чайноо рефлекси иштелип чыгышы керек. Андан тышкары катуу тамак бүлөлөрүн массаждап тишинин чыгуусуна жардам берет.
0
Пайдалуу жооп