// //

Кош бойлуумун. Баш оорудан дары ичсем болобу? Гинеколог жооп берет

2019.07.30, 12:07
1411

Саламатсызбы. Менин боюмда бар, 5 ай болуп калды. Башым ооруп жатат. Баш оорудан дары ичсем болобу? Гемоглобиним 124. Мурун башым ооручу эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.07.2019, 12:28

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Жок, болбойт. Дарыны туура ичүү үчүн эмнеңиз ооруп жатканын жана  себебин билүү керек.

Кош бойлуу учурунда баштын ооруганы жакшы эмес. Бул көптөгөн оорулардын симптому болушу мүмкүн. Преэклампсия (артериалдык басымдын өзгөрүшү) же көздүн ичиндеги басым көтөрүлүп кеткен, же баш сөөктүн ички басымы көтөрүлүп (внутричерепное давление) кеткен болушу мүмкүн.

Ошондуктан, себебин аныктабай туруп өз алдынча дарыларды ичүүгө болбойт. Окулист, неврологго консультацияга барып көрүңүз. Дарылануу комплекстүү жүрүүгө тийиш.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт