// //

Геодезия кесиби менен кайсы жерде иштей алам? Геодезист жооп берет

2019.07.30, 10:59
2873

Саламатсызбы! Учурда Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинде 2-курста окуйм! Кесибим геодезия. Кайсы жерде иштей алам? Эч нерсе билбей туруп иштеп кете аламбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.07.2019, 11:01

Мурат Миндубаев

Геодезист

Геодезисттер төмөнкү багыттарда иштей алышат:

  • курулуш фирмаларда;
  • картографияда. Карталар менен иштөө чек араны аныктоо, жер-жерлерди изилдөө;
  • маркшейдердик иш – тоо кенин иштетүү, тоннель казуу тармагында.

Кыргызстанда бул кесипти аркалагандар өтө аз, жаштар жок. Азыркыга чейин союз учурунда билим алгандар иштеп келишет. Ошондуктан суроо талап жогору. Негизи эле мыкты геодезисттерге бардык жерде муктаждык бар. Мисалы, биздин кесиптештерибиздин бири, кыргызстандык жигит Дубайдагы Бурч-Халифа имаратын салууга катышкан. Учурда Түштүк Кореяда эмгектенип жүрөт.

Геодезисттердин негизги милдеттери бул:

  • Курулуш иштери башталаарда имараттын проектисин изилдеп инженердик геодезиялык эсептөөлөрдү жүргузүү.
  • Курулуш долбоорунун документациясынын эсеп-кысабын түзүү.
  • Курулуш жүрүп жатканда имараттын бир жаккка ооп же кыйшыйып калбоосун козөмөлдөө.
  • Курулуш бүткөндө жана монтаж иштериинин жүрүшүндө геодезиялык жактан текшерүү.
  • Объект колдонууга берилгенден кийин эксплуатациясын контролдоо жана анын деформация болуп кетпөөсүн көзөмөлдөө.

Бул илим математика, физика жана геометрия менен тыгыз байланышкан. Анан албетте бардык тармактагыдай эле англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Кыргызстанда иштеген геодезисттер айына 30 000 сомдон 1000-1200 $га чейин табышат.

Экинчи сурооңуздун жообун өзүңүз ойлонуп көрүңүз. Эч нерсе билбей туруп адамдар жашай турган турак жай, мектеп, оорукана салуу, же болбосо жүздөгөн киши эмгектенген тоо кенинде иштөө мүмкүнбү?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт