// //

Айылдагы балага тийгенге көңүлүм жок. Эмне кылсам экен?

2019.07.29, 15:01
1149

Өзүм чет мамилекеттемин. Үйдөгүлөр бир бала менен тааныштырышты. Сегиз айдан бери телефон аркылуу сүйлөшөм. Жакында үйлөнөм деп жатат, бирок ага көңүлүм жок.

Туугандарыма көңүлүмдүн жок экенин айтсам, “апасы жакшы, эч нерсеге кийлигишпейт, бизге дагы жакын болосуң” деп жатышат. Андан башкага тийсең “кайын энең жөн койбойт, жасаган тамагыңды жактырбайт” дейт. Ал бала коңшу айылдан, бирок мен бир да жолу көргөн эмесмин. Үйдүн кичүүсү, өзүнүн жумушу жок, анан да мени жакшы көрүп кечке жаза берет.

Мен болсо интернеттен башка бир бала менен таанышкам, ал биздин эле райондон. Чет өлкөдө иштейт, чыйрак, эптүү, тыкан бала экенин билдим. Ал дагы күздө үйлөнөм деп жатат. Эмне кылсам экен?

Айылдагы балага тийейин десем, көңүлүм жок кантип жашайм? Ушул убакытка чейин балдар менен сүйлөшкөн эмесмин. Бир келген өмүрдө мен деле сүйүп, эркелеп жашагым келет.

Ал балага көңүлүмдүн жок экенин кантип айтсам болот? Тууганыбыздын тууганы болот экен, баш тартсам жаман көрүп калышпайбы? Же туугандарымдын сөзүн укпай туура эмес кылып жатамбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.07.2019, 15:04

Ширин Амантурова

Психолог

Ата-энеңиздин сиз үчүн чечим чыгарып, болочок жолдош таап берип жатканы сиздин өз алдынча чечим кабыл ала албаганыңызды көрсөтүп жатат.

Албетте ата-эне балага жамандык каалабайт. Ошол эле учурда өздөрүнө жаккан баланы таңуулаганы, өздөрүнүн чечилбеген көйгөйлөрүн сиз аркылуу ишке ашырып жатышкандай. 

Бир учурда эки бала менен тең сүйлөшкөнүңүз экөөнү тең сүйбөгөнүңүздү билдирет. Экөөнө тең эч кандай сезимиңиз жок. Жөн гана кандайдыр бир кызыкчылыктарды көздөп жүрөсүз. Ойлонуп көрүңүзчү.

Мүмкүн турмушка чыкканга шашылбай, баардыгы ордуна келгенче тыныгуу алып турасыз. 

Ойлонуп, анализ жүргүзгөндү үйрөнүңүз. Ийгилик! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт